Дүйнөдө канча мусулман космоско учкан?

Автор

Космоско чыгуу дагы эле популярдуулугун улантууда, бирок баштапкыдай  көңүл бурулбайт. Анткени  космоско учуу азыр коом тарабынан кадыресе эле  көрүнүш катары кабыл алынып калды.

Космоско учкан көп сандаган космонавттардын арасында мусулмандар барбы? Бул суроо берилгенде, көпчүлүгү “менимче, жок” деген жоопту айтышы мүмкүн. Анткени космоско адам жибере турган технологияга ээ болгон мамлекеттердин бири да мусулман мамлекетинин статусуна ээ эмес. Бирок, болжолдонгондон айырмаланып, ушул убакка чейин 11 мусулман астронавт космоско чыгууга жетишкен.

Космоско аттанган 10 мусулман астронавттын биринчиси – Сауд Аравиянын азыркы королу, король Салмандын уулу Султан. 1985-жылы космоско учкан Султан бин Салман космоско чыккан биринчи мусулман жана араб болгон. Андан эки жылдан кийин гана сириялык Мохаммед Фарис космоско учуп, космосто биринчи жана жалгыз сириялык болуп калды.  2006-жылы Ануше Ансари космоско чыккан биринчи жана жалгыз мусулман аял болгон.

 

Буга чейин космоско учкан мусулмандар:

 

1- Султан бин Салман – Сауд Арабиясы – 1985-ж

 

2- Мохаммед Фарис – Сирия – 1987-ж

 

3- Муса Манаров – Азербайжан – 1987 / 1990

 

4- Абдул Ахад Мохманд – Афганистан – 1988

 

5- Токтар Аубакиров – Казакстан – 1991-ж

 

6- Талгат Мусабаев – Казакстан – 1994 / 1998

 

7- Шарипов Салижан – Кыргызстан – 1998 / 2004

 

8- Ануше Ансари – Иран – 2006

 

9- Шейх Мусзафар Шукор – Малайзия – 2007

 

10- Айдын Айымбетов – Казакстан – 2015

 

11- Хазза Аль Мансури – Бириккен Араб Эмираттары – 2019

 

Бөлүшүү:
Next Post

Лионель Месси “ПСЖ” клубунан бекер кетеби?

Француздук “Пари Сен-Жермен”  клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси париждик клубдан акысыз кете алат. Mirror басылмасынын маалыматына караганда, париждик жетекчилер 1-июлдан тарта оюнчуну эркин агентке айландыра турган анын мөөнөтү бүтүп жаткан келишимин узартпоого даяр. Эскерте кетсек, буга чейин басылмаларда Мессинин “Барселонага” кайтып келиши тууралуу кептер тараган. Каталониялыктар да легендарлуу тарбиялануучусун кайтарууну […]

Сизге жагышы мүмкүн