«Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоору менен 3,2 млрд сом насыя берилди

Автор

Кыргызстанда “Айыл чарбасын каржылоо – 11” программасынын алкагында фермерлерге 3,2 млрд сом насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Өсүмдүк чарбасы” категориясы боюнча жалпы суммасы 837 млн ​​173 миң сомго 1995 насыя берилген, анын ичинен:

 

“Айыл Банк” – 473 млн 558 миң сомго 1 миң 104 насыя;

“РСК Банк” – 363 млн 615 миң сомго 891 насыя берилген.

“Мал чарбасы” категориясы боюнча жалпы суммасы 2 млрд 392 млн 315 миң сомдук 5 миң 183 насыя берилип, анын ичинен:

 

“Айыл Банк” – 1 млрд 160 млн 405 миң сомго 2 миң 459 насыя;

“РСК Банк” – 1 млрд 231 млн 910 миң сомго 2 миң 724 насыя.

Жалпысынан эки категорияга 7 миң 178 насыя берилип, жалпы суммасы 3 млрд 229 млн 488 миң сомду түзгөн.

 

“Айыл Банк” – 1 млрд 633 млн 963 миң сомго 3 миң 563 насыя;

“РСК Банк” – 1 млрд 595 млн 525 миң сомго 3 миң 615 насыя.

Бөлүшүү:
Next Post

Шойгу: Россияны коргоо үчүн кошумча чаралар көрүлдү

Украинанын Россиядагы буталарга жасаган чабуулдарына байланыштуу абадан жана деңизден кол салуулардан коргонуу деңгээлин жогорулатуу үчүн кошумча чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министри Сергей Шойгу Куралдуу күчтөрдүн  жетекчилиги менен болгон жыйында билдирди. Шойгунун айтымында  РФ Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин бириккен тобу бардык багыттар боюнча активдүү операцияларын улантууда.  Акыркы бир айда Украинанын  2200дөн […]

Сизге жагышы мүмкүн