Лионель Месси “ПСЖ” клубунан бекер кетеби?

Автор

Француздук “Пари Сен-Жермен”  клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси париждик клубдан акысыз кете алат.

Mirror басылмасынын маалыматына караганда, париждик жетекчилер 1-июлдан тарта оюнчуну эркин агентке айландыра турган анын мөөнөтү бүтүп жаткан келишимин узартпоого даяр.

Эскерте кетсек, буга чейин басылмаларда Мессинин “Барселонага” кайтып келиши тууралуу кептер тараган. Каталониялыктар да легендарлуу тарбиялануучусун кайтарууну каалашарын жашырышкан жок.

2022-жылы Месси Аргентина курама командасынын курамында дүйнө чемпиону болгон. Бул сезондо клуб деңгээлинде ал бардык мелдештерде 35 беттеш өткөрүп, 19 гол киргизген.

Бөлүшүү:
Next Post

Министр аба кирдүүлүгү менен күрөшүүдө колдоо күтөөрүн айтты

Кыргызстанда 2010-2019-жылдар аралыгындагы адам өлүмдөрүнүн 12-13 пайызы шаардагы ыштан улам болгон. Мындай маалыматты Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл боюнча министр Мелис Турганбаев билдирди. Ал ыш менен күрөшүүгө арналган тегерек үстөлдө катышып жатып, “аба кирдүүлүгүнө байланыштуу саламаттык сактоого коротулган чыгым 400 млн доллар”, – деди. Кандай болгон күндө да, аба […]

Сизге жагышы мүмкүн