Губернатор ФСБнын имаратындагы өрт боюнча түшүндүрмө берди

Автор

Россиянын ФСБсынын Ростов облусундагы чек ара кызматынын имаратында өрт чыгып, күйүүчү май куюлган контейнерлер жарылганын облус жетекчиси Василий Голубев билдирди.

Өрттүн келип чыгышына имараттын ичиндеги электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгондугу аныкталган. Өрттүн жайылышы күйүүчү-майлоочу майлар салынган контейнерлердин жарылуусуна алып келген. Губернатордун айтымында, өрттүн аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзүп, эки дубал ураган.

Голубев белгилегендей, бир адам жаракат алып, орто оор абалда ооруканага жаткырылган. Коңшулаш көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары көчүрүлгөн.

РФнын ФСБсынын Ростов облусундагы чек ара көзөмөлүнүн аймагында 16-мартта өрт чыккан. Күбөлөрдүн айтымында, имаратта өрт чыкканга чейин жарылуу болгон.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Канды эмне коюулатат?

Канды коюу кылган азыктарга кант, гречка, долоно, майлуу эт, консерва, ышталган эт, газдалган суусундуктар кирет Эмне үчүн коюу кан адамдар үчүн коркунучтуу? Ашыкча коюу кан майда тамырларга жана капиллярларга өтө начар кирет, анын кесепетинен организм кычкылтектин жетишсиздигин, анемияны сезет. Бул түздөн-түз уюган кандын пайда болушуна, инфаркттын жана инсульт абалынын өнүгүшүнө […]

Сизге жагышы мүмкүн