Баш аламандыкты басууга 40 миң полиция жиберилет

Автор

Франциянын бийлиги өлкөдөгү баш аламандыктан улам көчөлөрдөгү коопсуздукту камсыздоого 40 миң полиция кызматкерин жиберүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу республиканын ички иштер министри Жералд Дарманин билдирди.
Анын айтымында, Парижде жана анын чет жакаларында 5 миң полиция кызматкери тартипти камсыздайт. Коомдук транспорттун иштөө убактысы кыскартылды. Азыр өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу саат 21:00дө кыймылы токтойт. Борбордон 10 чакырым түштүк-батышта жайгашкан Кламарт шаарынын бийликтери коменданттык саат киргизди. Ал 3-июлга чейин жергиликтүү убакыт боюнча 21.00дөн 06.00гө чейин күчүндө болот.
Нантерре шаарында 17 жаштагы өспүрүм ИИМдин талабы боюнча унааны токтотпой, полиция тарабынан өлтүрүлгөн. Бул окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, нааразылыктын толкунун жаратты – тополоң башталды. Бейшембиге караган түнү Франция бийлиги жашы жете элек баланын өлтүрүлүшүнөн улам чыккан тополоңдун катышуучулары 150 кишини кармаган.
Өспүрүмгө ок чыгарды делген милиция кызматкери да камакта экени кабарланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда 1-класска 93 миңден ашуун бала кабыл алынды

 2023-жылдын 10-апрелинен 29-июлуна карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 93 миң 472 бала, анын ичинен 2 миң 106 бала жеңилдик менен кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.   Белгилей кетсек, 26-июнда тарта электрондук каттоонун экинчи этабы башталган.   II этапта жашаган дарегине карабай 26-июндан 31-августка чейин […]

Сизге жагышы мүмкүн