Грузия “Коргоочу-2023” машыгууларына катышуудан баш тартты

Автор

Грузиянын Коргоо министрлиги Европа өлкөлөрүнүн аймагында өтүп жаткан АКШ баштаган “Коргоочу-2023” машыгууларына катышуудан баш тартты.
Грузиянын Коргоо министрлиги Украинадагы жаңжалдын жана өкмөттүн саясатынын фонунда алардын мамлекети НАТО үчүн маанисин жоготту деп эсептеген оппозициялык билдирүүлөрүнө жооп кайтарды. «Таратылган маалымат бир жактуу жана коргоо министрлигине каршы кезектеги провокация болуп саналат»,-деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик бул машыгууларга катышпоо чечими Грузиянын стратегиялык өнөктөштөрүнүн сунушу менен кабыл алынганын жана күч-аракеттер өлкөнүн Коргоо күчтөрүнүн максаттарын жана милдеттерин аткарууга багыттала турганын түшүндүрдү.
Коргоо министрлиги быйыл Грузия НАТОнун жана Европанын 10 машыгуусуна катыша турганын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Чет өлкөлөрдө 1.5 млн кыргызстандык эмгектенет

Кыргызстандын 1,5 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт жана бул көрсөткүч жылдан жылга өсүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбызды укуктук жактан колдоо, алардын эмгек шарттарын жакшыртуу жана мыйзамдуу ишке орноштуруу маселелери каралды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн