Головкин  дүйнөлүк наамдардан баш тартты

Автор

Казакстандык легендарлуу боксчу Геннадий Головкин (42-2-1, 37 КО) ушул убакка чейин Эл аралык бокс уюмундагы (IBO)  жалгыз куру болгон орто салмактагы титулунан расмий түрдө баш тартты. Бул тууралуу  Эл аралык бокс уюму билдирди. IBO президенти Эд Левин орто салмактагы титул азыр бош экенин жарыялады.

Эске салсак, буга чейин 40 жаштагы казакстандык милдеттүү талапкер бразилиялык Эскива Фалькао менен беттешүүнү каалабагандыктан IBF титулунан ажыраган. Анда GGG милдеттүү атаандашы кубалык Эрисланди Лара менен беттешүүдөн баш тартып, WBA Super курунан ажыраган.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту

Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода жолугушту. Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу  Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында өттү. Жолугушууга ошондой эле Баткен жана Согди облусунун чектеш райондорунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө таянсак, жетекчилер акыркы бир айдын ичиндеги чек арадагы кырдаалды […]

Сизге жагышы мүмкүн