Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту

Автор

Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода жолугушту.

Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу  Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында өттү. Жолугушууга ошондой эле Баткен жана Согди облусунун чектеш райондорунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө таянсак, жетекчилер акыркы бир айдын ичиндеги чек арадагы кырдаалды талкуулашты. Ошондой эле эки облустун деңгээлинде түзүлгөн жумушчу топтордун, белгиленген багыттар боюнча иш аракетин улантуусу белгиленди.

Жолугушууга КР УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали да катышып, өз багыттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптардын жолугушуусу биринчи кезекте чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коопсуздукту камсыздоо максатын көздөйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Өрт өчүрүүчүлөр күнү

Бүгүн, 15-июнь Өрт өчүрүүчүлөр күнү белгиленет. Өрт өчүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамы 1994-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 795 Токтому менен 15-июнь Өрт өчүрүү кызматкерлеринин күнү болуп бекитилген. Ушул күнү 1926-жылы Фрунзе шаардык кеңешинин чечими менен эң алгачкы Өрт өчүрүү кызматы Фрунзе шаарында түзүлгөн. Бул топ 9 кишиден туруп, аларга унаа катарында […]

Сизге жагышы мүмкүн