Криштиану Роналду “Аль-Наср” клубунан кетеби?

Автор

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Сауд Арабиянын чемпионатынан кетиши мүмкүн. Бул тууралуу  испаниялык «Mundo Deportivo»  басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык,38 жаштагы португалиялык  футболчу “Аль-Наср” клубу менен келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууну ойлонуп жатат.

Буга Роналдунун Сауд Арабиядагы жашоосу себеп болгон. Анын европалык жашоо образынан айырмаланган өлкөнүн жашоосу канааттандырбайт.Ошондуктан футболчу Европага кайтып келет.

 

Эске салсак, атактуу футболчу “Аль-Насрдын” курамына 2023-жылдын январында кошулган. Саудиялык клуб үчүн ал 17 беттеш өткөрүп, 17 гол киргизген. Анын мурунку клубу “Манчестер Юнайтед” болгон, ал жаңжал менен кеткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Суу майдын баасы төмөндөдү

Быйыл жыл башынан бери айрым социалдык маанилүү товарларга карата баалар төмөндөдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кум шекер 4,3%га, 1-сорттогу ун 8,8%, тазартылган күн карама майы 14,1%га төмөндөгөн.  Ал эми күн карама майына карата баалардын төмөндөшүнүн негизги себеби Министрлер кабинетинин кошумча нарк салыгын 0%га түшүргөнү, […]

Сизге жагышы мүмкүн