Кыргызстандык беш боксчу Сербияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат

Автор

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Сербияда өтө турган 60 BELGRAD WINNER эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 28-марттан 3-апрелге чейин Белград шаарында өтөт.

 

Курама команданын тизмеси:

 

  1. Анваржан Ходжиев 48 кг;
  2. Баяман Азизбек уулу 57 кг;
  3. Аскат Култаев 63.5 кг;
  4. Эркин Адылбек уулу 86 кг;
  5. Бакыт Токтосун уулу 92 кг.

 

Бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны өтөт

Бүгүн  Бишкек шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйыны өтөт. Жыйындын жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган ар башка чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы абалына жана мындан аркы перспективаларына тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулоону пландаштырууда. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлаары пландалууда. Жыйынга […]

Сизге жагышы мүмкүн