Газа үчүн глобалдык иш таштоого чакырык болду

Автор

Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Бирлиги бүгүн баштала турган глобалдык иш таштоого байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.
«Бүткүл дүйнө калкын, өзгөчө Ислам дүйнөсүн 11-декабрда иш таштоону баштоого жана бул иш таштоону дүйнөдөгү бардык мекемелер, партиялар, кыймылдар жана маанилүү инсандар тарабынан өз чегине жеткенге чейин улантууга чакырабыз. Бул адилетсиз согушту токтотуп, бейкүнөө адамдардын куткарылышын камсыз кылат деп ишенебиз»,-деп айтылат билдирүүдө.
Адамдардын бойкотко байланыштуу милдеттерин аткарганы, кайрымдуулук уюмдарынын жардамга байланыштуу милдеттерин аткарганы, бирок Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин согушту токтотууга чечим чыгара албаганы баса белгиленди.

Бөлүшүү:
Next Post

12-декабрь:15 градуска чейин суук болот

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 12-декабрга караган түнү көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде […]

Сизге жагышы мүмкүн