Францияда чыңалуу күчөдү!  Демонстранттар курал дүкөнүн тоношту

Автор

Францияда 17 жаштагы африкалык өспүрүм полициянын огунан каза болгондон кийин башталган тополоңдор уланууда. Көптөгөн шаарларда демонстрациялар уюштурулуп, Марсель  шаарында курал саткан дүкөндөр тонолгон.

Франциянын Марсель шаарында болгон коогалаңда курал-жарак дүкөнү тонолгон, аңчылык мылтыктары уурдалган. Бирок октор алынбаганы белгилүү болду. Марсель шаар башчысынын өтүнүчү менен калаага кошумча күчтөр жөнөтүлдү. Өлкө боюнча түнкү окуяларда 994 киши кармалды.

ЧЫҢАЛУУ БАСАҢДАБАЙ ЖАТАТ

Франциянын борбор шаары Нантер четинде 17 жаштагы африкалык туулган өспүрүмдүн полиция огунан каза болушунан кийин башталган тополоңдор токтобой уланууда.

Өлкө боюнча 45 миң полиция кызматкеринин жайгаштырылышына карабастан, демонстрациялардын 4-түндө чыңалуу азайган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Макрон Германияга иш сапарын токтотту

Франциянын президенти Эммануэль Макрон 2-4-июлдагы Германияга иш  сапарын өлкөдө бир жаш жигит полициянын огунан каза болгон окуялардан улам алдыга жылдырды. Франциянын президенти Макрон менен Германиянын президенти Штайнмайер бүгүн телефон аркылуу сүйлөштү. Эки президенттин Макрондун Германияга сапарын жылдырууну макулдашканы белгиленди. Эске салсак, Францияда 17 жаштагы африкалык өспүрүм полициянын огунан каза болгондон […]

Сизге жагышы мүмкүн