12-декабрь:15 градуска чейин суук болот

Автор

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 12-декабрга караган түнү көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -10…-15,
Талас облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -10…-15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…-5,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7,
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…-8.
Бишкек шаарында маал-маалы менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -11…-13 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШнын президентинин атасы ХАМАСтын чабуулунан аман калганбы?

АКШнын президенти Жо Байден 7-октябрда Израилде ХАМАСтын чабуулунан атасы кантип аман калганын айтып берди. “7-октябрдан кийин, атам… Атам үйүндө калган нерселерди сактап калуу үчүн кайтып келди”,-деди Байден Ак үйдө еврейлердин Ханукка майрамы менен куттуктап жатып. АКШнын 81 жаштагы президенти кол салууда баласын жоготуп алган адамдын окуясы айтып, жаңылыш “атам” деп […]

Сизге жагышы мүмкүн