

Ош шаарынын вице — мэрлик орду бүгүнкү күнгө чейин бош турат. Кадр кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн башчысы билдиргендей, Жасур Азимовдон бошогон орунга кадр кызматынын резервинде турган 55 талапкер бар. Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов учурда такталып, тандалып жаткан талапкерлер бар экенин, ал кадр кызматынын резервинен келээрин билдирди.