Бишкекте айыл чарба жарманкелери өтөт

Автор

11-12-ноябрь күндөрү Бишкекте айыл чарба жарманкелери өтөт. Бул жарманкелер 31-декабрга чейин ар бир дем алыш күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жарманкелердин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөргө, агроөнөр жай ишканаларына жана жеке ишкерлерге айыл чарба продукциясын жарандарга дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Министрлик жарманкеге катышууну каалаган дыйкандарды 0555 34 60 60 телефон номуру менен байланышууга чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

"Реал Мадрид" клубу  Мбаппени сатып албоо чечимин кабыл алды

“Реал Мадрид” клубунун жетекчилиги “Пари Сен-Жермен” клубунун чабуулчусу  Килиан Мбаппени сатып алуу идеясынан баш тартууну чечти. Мадрид  клубу футболчу менен келишим түзүүнү туура эмес деп эсептейт. Бул тууралуу Испаниянын Cadena SER басылмасы билдирди. “Реал Мадрид” Мбаппенин париждиктер менен учурдагы келишими аяктагандан кийин эркин агент болуп калса да ага келишим сунуштабайт. […]

Сизге жагышы мүмкүн