reklam
reklam
hava 19° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 20,0929 % % 0.62
EURO 21,5964 % % 0.9
GRAM ALTIN 1.255,90 % % 0,48
ÇEYREK A. 2.053,39 % % 0,48
BITCOIN 27.569,68 % 1.154
Соңку кабар
reklam
Google News

Бүгүн Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт

Son Güncelleme :

16 марта 2023 - 10:04

reklam
Бүгүн Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт
reklam

Бүгүн Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Нооруз майрамына арналган салттуу кайрымдуулук дипломатиялык жарманке бүгүн, 16-мартта саат 13:00дөн 19:00гө чейин Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда өтмөкчү.

Жарманкеде дүйнөнүн булуң-бурчунан келген уникалдуу буюмдар жана сувенирлер, жарманке учурунда сатып алууга боло турган улуттук даамдар жана суусундуктар коюлат.

Жарманкени Тышкы иштер министрлиги Бишкек мэриясы менен биргеликте чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн катышуусунда уюштурууда.

Иш-чарадан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат.

reklam