Салык кызматы бүгүн 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомо ойнотот

Автор

Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 30-декабрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын башкы байгелерин ойнотот.
Маалым болгондой, бүгүн 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.
Утуштар УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 15:00дө.
Эскерте кетсек, 25-29-декабрда 1 миң 219 баалуу байге ойнотулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Бомба тууралуу жалган маалымат берген өспүрүмдөр кармалды

Коомдук жайларда жардыргыч заттар коюлганы тууралуу жалган маалымат берип, анонимдүү телефон чалган адамдардын тобу аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, 16-17 жаштагы уландар Ж.Д.А., М.М.У. Д.Д.Б. жана К.А.А. аттуу жарандар 30-ноябрда жана 18-декабрда Бишкек шаарындагы орто жана жеке менчик мектептерге бомба коюлганын билдиришкен. Чалуулар […]

Сизге жагышы мүмкүн