23-апрель: Көпчүлүк аймакта өткүн өтөт

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 23-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20… +25,
Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +22…+27,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5… +10, күндүз +17…+22,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз + 15…+20.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +21…+23 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Зеленский Россия менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россия Федерациясы менен жаңжалды сүйлөшүү, тынчтык жолу менен чечүү вариантына уруксат берди. Бул тууралуу украин мамлекет башчысы француз журналисти Гуго Траверге берген маегинде билдирди. Президенттин айтымында, Швейцариядагы тынчтык саммитинде тараптар конкреттүү документ даярдай алат. Анын алкагында Москва менен Киевдин ортосундагы бардык маселелер жана пикир келишпестиктер аныкталат. […]

Сизге жагышы мүмкүн