reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1567 % % 0.12
EURO 28,9129 % % 0.02
GRAM ALTIN 1.682,11 % % 0,45
ÇEYREK A. 2.750,25 % % 0,45
BITCOIN 727.449 % -0.354
Соңку кабар
reklam
Google News

Бүгүн “Акшумкарлар”  Оман курамасы  менен  беттешет

Son Güncelleme :

20 июня 2023 - 9:34

reklam
Бүгүн “Акшумкарлар”  Оман курамасы  менен  беттешет
reklam

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы борбор азиялык “CAFA Nations Cup-2023” турниринин алкагында 3-орун үчүн Оманга каршы ойнойт.

Бүгүн, 20-июнь күнү Бишкек убактысы боюнча  саат 19:30да  Ташкенттеги «Пахтакор» стадионунда CAFA Nations Cup-2023 турниринин алкагында 3-орун үчүн “Кыргызстан — Оман” беттеши өтөт.

Штефан Таркович жетектеген Кыргызстандын улуттук курама командасы күн мурун Ташкентке келип, оюнга даярдык көрө баштады. Улуттук курама командасынын машыктыруучулар штабы 23 оюнчуну чакырды.

Белгилей кетсек, «Ак шумкарлар» эл аралык мелдеште «В» тайпасында Афганистан жана Иранга каршы оюн өткөрдү. Алгач Афганистандын курамасын 1:0 эсебинде утса, Иранга каршы оюнда 1:5 эсебинде утулуп калды. Эки оюн тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

reklam