БУУ Израилди талаштуу аймактардан чыгып кетүүгө чакырган резолюция кабыл алды

Автор

БУУнун Башкы ассамблеясы Израилди Голан дөңсөөсүнөн чыгып кетүүгө чакырган резолюция кабыл алды. Ага добуш берүү 78-сессиянын алкагында өттү. Резолюциянын демилгечилери (Алжир, Венесуэла, Египет, Иордания, Йемен, Катар, Корей Элдик Демократиялык Республикасы, Кувейт, Ливан, Мавритания, Сирия Араб Республикасы жана Тунис) Израилден Сириянын бардык оккупацияланган Голан аймагынан мурдагы линияга чегинүүнү талап кылышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча резолюцияны кабыл алууга 91 мамлекет макул болду. 62 өлкө добуш берүүдөн баш тартты. Сегизи каршы добуш берди.
Британ энциклопедиясына ылайык, Голан дөңсөөлөрү Иордан дарыясынын жогорку өрөөнүнөн батыш тарабындагы аймак. 1967-жылга чейин бул территория Сириянын алыскы түштүк-батышынын бир бөлүгү болгон. Кийин ал Израилдин аскерий оккупациясына өткөн. 1981-жылы декабрда Израиль Голандын карамагындагы бөлүгүн бир тараптуу аннексиялап алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык спортчу кураш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Кыргызстандын кураш боюнча курама командасынын мүчөсү Жамалбек Асылбек уулу Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан ХХIV Дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Спортчу 90 кг чейинки салмакта катышкан. Алгач 1/8 финалдык беттеште мексикалык балбанды утса, 1/4 финалдык беттеште тажикстандык балбанды жеңген. Жарым финалдык беттеште […]

Сизге жагышы мүмкүн