Кремль: Москвага чабуул Киевдеги чечим кабыл алуу борборуна жасалган соккуга жооп болду

Автор

Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москвага учкучсуз учактын чабуулу Киевдеги чечим кабыл алуу борборлоруна жасаган соккусуна өч алуу болгонун билдирди.
«Баары талаптагыдай иштеди. Алар жакшы иштешти. Абадан коргонуу системасы да жакшы иштеди. Кеп биздин чечимдерди кабыл алуу борборлорунун бирине абдан эффективдүү сокку урууга Киев режиминин жообу жөнүндө болуп жатканы ачык эле көрүнүп турат»,-деди Кремлдин басма сөз катчысы.
Анын айтымында, учкучсуз учактын чабуулу атайын операцияны улантуу жана максаттарга жетүү зарылдыгын дагы бир жолу тастыктайт.
«Кудайга шүгүр, жабыркагандар жок жана учурда Москванын жана Москва облусунун тургундарына коркунуч жок»,-деп кошумчалады.
Москва жана Москва облусуна учкучсуз учактын чабуулу 30-майда эртең менен болгон. Өлкөнүн Коргоо министрлиги чабуулга сегиз учкучсуз учак катышканын билдирди. Алар Москва аймагындагы Панцир-С зениттик-ракеталык жана курал системасы менен атып түшүрүлгөн. Борбор калаанын мэри Сергей Собянин бир нече үй анча-мынча жабыркаганын айтты.
Украина президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк Украинанын Москвага учкучсуз учактардын чабуулдарына тиешеси жок экенин билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектептердин жарымы 3D форматында окута баштайт

Быйыл республикадагы мектептердин 50 пайызы 3D форматында окута баштайт. Бул үчүн мугалимдер 3 ай бою окутулат. Бул туралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Жаштар элдин үмүтү, өлкөнүн келечеги” аттуу республикалык жаштар форумунда билдирди. Анын айтымына караганда, кийинки жылдан тарта бүт мектептер бул форматка өтөт. “Мында окуучу бир убакта […]

Сизге жагышы мүмкүн