

N:26 — Ленин округунун депутаты Жаныбек Абировдон бошогон орунга ат салыша тургандардын катарын учурдагы Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров толукташы мүмкүн. Мындай жаңылыктар чөйрөдө талкууланып жатканы боюнча маалыматтар тарады. Аны менен кошо учурда социалдык тармактарда Мирлан Жээнчороев, Дамира Ниязалиева, Улукбек Кочкоров сыяктуу экстердин аттары аталып жатат.