Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Автор

«Ишеним» саясий партиясынан Советбек Рустамбек уулу бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
Борбордук шайлоо комиссиясы 22-апрелде аны Жогорку Кеңештин депутаты катары каттап, күбөлүк жана төш белги берген.
Советбек Рустамбек уулу парламентке Эмилбек Жусуповдун ордуна келди.
Эмилбек Жусупов 21-апрелде мандатын тапшыруу боюнча өз ыктыяры менен арыз жазганы белгилүү болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Улан-Батордун көчөлөрүнүн бирине Манас коюлат

Монголиянын борбор шаары Улан-Батордун көчөлөрүнүн бирине Манас атанын ысымын ыйгарып, эстелигин орнотууну төрага Нурлан Шакиев сунуштады. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушуусунда билдирди. Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар демилгени карап чыгышаарын айтты. Ошондой эле ал Монголиянын борборунун көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз […]

Сизге жагышы мүмкүн