Бишкектин мурдагы мэрлери кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн

Автор

Бишкек шаарынын аймагынан 82 гектар жер сатылып кеткен. Буга ошол кездеги мэрлер Иса Өмүркулов, Азиз Суракматов сыяктуу аткаминерлер күнөөлүү. Мындай маалыматты депутат Акылбек Түмөнбаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди. Депутат президенттин өкүлүнө кайрылып, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектигин айтты. “Үй салгандар мамлекеттин жерин 5-10 жылга арендага алып, көп кабаттуу үй салып, сатып жиберишкен. Мамлекетке салык да төлөшкөн эмес. Аларды таап, укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүшү керек. Жерди ким берген? Ошол кездеги мэрлердин чөнтөк кызыкчылыгы болгон да, жөн бермек беле”,- деди депутат. Бишкек шаарынын мурдагы мэрлеринин кыңыр иштери аныкталып, алар жоопко тартылса, жаңы келген мэрлерге бул эскертүү болоорун эскертти.

Бөлүшүү:
Next Post

Нерв тутумуңузду сактаңыз

Ар бир адамдын ден соолугу өзүнүн колунда, ага алдын ала кам көрүү гана керек» Супарна айым, күнүмдүк жашоо турмушубузда «бүт нерсе нервден башталат» деген сөздөрдү көп угуп жүрөбүз. Алгач нерв тутуму, анын адамдын жашоосундагы ролу тууралуу кеп баштасак. -Нерв тутуму, мээ адамдын организминде эң негизги ролду ойнойт. Бардык нерсе мээден […]

Сизге жагышы мүмкүн