Крим чөйрөсү болбойт! Камчыбек Ташиев кайрылуу жасады

Автор

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев  бизнесмен, чет өлкөлүк инвесторлор, ресторандардын, базарлардын ээлери, базарларда олтурган жарандарга кайрылуу жасады.  Бул тууралуу социалдык баракчасына жазды.

«Кимде ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар. Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлктөрүн тартып алгандары аныкталып жатат. Кимде ким буга чейин жабыркаган болсоңор УКМКга кайрылгыла. Эми баарыңарга эскертебиз: мындан ары крим чөйрөсүнө бергендерди да, крим чөйрөсүмүн деп барып кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазалайбыз. Мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт», — деп жазган Ташиев.

Бөлүшүү:
Next Post

КМШ  саммити: Бишкекте чектөөлөр киргизилди

Бишкекте КМШ саммитинин өтүшүнө байланыштуу 12-октябрда  эртең мененден тарта кечки саат 00.00гө чейин электр самокаттары ижарага берилбейт.   Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул иш-чараларды Биринчи май районунун акиминин милдетин аткаруучу Райым Жолдошов, №12 МТУ, “Arenda Service”, “Togo.kg”, “Apricot”, “E-motion”, “Promo Express”, ” Sunrent” электр самокат ээлери талкуулашты. Мындан […]

Сизге жагышы мүмкүн