Нерв тутумуңузду сактаңыз

Автор

Ар бир адамдын ден соолугу өзүнүн колунда, ага алдын ала кам көрүү гана керек»
Супарна айым, күнүмдүк жашоо турмушубузда «бүт нерсе нервден башталат» деген сөздөрдү көп угуп жүрөбүз. Алгач нерв тутуму, анын адамдын жашоосундагы ролу тууралуу кеп баштасак.
-Нерв тутуму, мээ адамдын организминде эң негизги ролду ойнойт. Бардык нерсе мээден келип, жүрөктүн иштешине (сүйүнүч, кайгыруу сезимдерине ж.б.) команда берилет. Нерв клеткасын кайра калыбына келтирүү өтө кыйын. Азыр оорулардын баары заманга жараша болуп жатат десек болот. Мурда инсульт, инфарк, депрессияга кабылуу ж.б. улгайып калган адамдарда кездешсе, бүгүнкү күнү ал оорулар «жашарып» жатат, анткени учурдагы жашообуздагы көрүнүштөр ага себепкер болууда. Бардык оору нервден башталат деген туура, мисалы, адамдын нерв тутуму тынч болбогон учурда ашказан, жүрөк оорулары күчөйт. Кан басымы көтөрүлгөн учурлар да бүгүнкү күнү «жашарды», негизи эле бардык оорулардын 70 пайызы нерв тутумунун таасири алдында жаралат десек болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстанда согуштун ардагерлерине 3,2 миң доллардан берилет

Казакстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 237 ардагери калды. 9-майда бардыгына 3,2 миң доллар берилет. “Учурда Казакстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 237 ардагери жашайт. 9-майга чейин алардын ар бирине 1,5 миллион теңге (3,2 миң доллар) төлөнөт”,-деп билдирди Эмгек жана социалдык коргоо министри Тамара Дүйсенова. 2021-жылы Казакстанда 665 Улуу Ата Мекендик согуштун […]

Сизге жагышы мүмкүн