Бишкекте №63 мектепке бомба коюлгандыгы айтылып, окуучулар эвакуацияланды

Автор

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын 102-кызматына №63 мектеп-гимназиясынын аймагына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

« Кабар бүгүн саат 09:43 чамасында келип түшкөн. Ошол замат тийиштүү кызматкерлер окуя болгон жерге келип, дароо мектептин аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алындв. Мектеп окуучулары жана мектеп кызматкерлери эвакуацияланган», — деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Иранда хиджаб эрежесине өзгөртүү кирди

Мындан ары Иран Ислам Республикасында хиджаб кийүү эрежелерин бузган аялдарга күч колдонулбайт. Жөн гана акчалай түрдө жаза төлөшөт. Иран мыйзам чыгаруу жыйынынын өкүлү Хусейин Жалали билдиргендей, коомдук жайларда бети-башын жаап жүрбөгөн кыз – келиндер 30 млрд Иран риалын (60.000 АКШ долларын) төлөөгө милдеттендирилет. Ошол эле кезде айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратып, паспорту […]

Сизге жагышы мүмкүн