Иранда хиджаб эрежесине өзгөртүү кирди

Автор

Мындан ары Иран Ислам Республикасында хиджаб кийүү эрежелерин бузган аялдарга күч колдонулбайт. Жөн гана акчалай түрдө жаза төлөшөт. Иран мыйзам чыгаруу жыйынынын өкүлү Хусейин Жалали билдиргендей, коомдук жайларда бети-башын жаап жүрбөгөн кыз – келиндер 30 млрд Иран риалын (60.000 АКШ долларын) төлөөгө милдеттендирилет. Ошол эле кезде айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратып, паспорту жокко чыгарылат. Быйыл Тегеранда башын ачты делген келин ур – токмокко кабылып, көз жумгандан кийин массалык түрдө нааразычылык акциялар орун алган. Анын кесепетинен жүздөгөн Ирандык көз жумган эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Орусия Ош шаарына заманбап мектеп курат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Орус бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, Ош шаарына курулушу пландалып жаткан заманбап мектептин долбоорун талкуулашты. Делегациянын курамында Россия Федерациясынын Президентинин Чет өлкөлөр менен аймактар ​​аралык жана маданий байланыштар боюнча жетекчисинин орун басары Антон Рыбаков баштаган жоон топ өкүлдөр бар. Өз кезегинде шаар мэри “1224 окуучу билим […]

Сизге жагышы мүмкүн