Алайда жер көчкү бир метр жылды

Автор

Алай районунун Будалык айыл аймагындагы Кум-Шоро айылында эски жер көчкүсү активдешип, 2 турак үйгө коркунуч жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер көчкү бир күн ичинде 1 метр аралыкка жылган. Көчкүнүн болжолдуу көлөмү 334 миң 500м³ түзөт.

ӨКМнин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти, Алай райондук №68 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, райондук жарандык коргонуу башчысы, Будалык айыл аймагынын башчысы жана жарандык коргонуу адиси жер көчкү активдешкен аймакка барышты.

Учурда 2 турак үйдүн жарандары коопсуз жайдагы туугандарыныкына көчүрүлүп, жер көчкү айыл аймактын башчысынын көзөмөлүнө алынды.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун Башкы Ассамблеясы Бүткүл дүйнөлүк туруктуу транспорт күнүн кабыл алды

БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын 70-пленардык жыйынында Түркмөнстандын демилгеси менен резолюция кабыл алынып, ага ылайык 26-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк туруктуу транспорт күнү деп жарыяланды. Документ бир добуштан кабыл алынып, БУУнун 67 мүчө-мамлекети колдоду. «Бүткүл дүйнөлүк туруктуу транспорт күнү» резолюциясын кабыл алууда БУУнун Башкы ассамблеясы 2014, 2015, 2017 жана 2021-жылдары Ашхабаддын демилгеси менен […]

Сизге жагышы мүмкүн