Бишкекте таэквондо GTF боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Автор

Бишкекте таэквондо GTF боюнча дүйнө чемпионаты менен биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Борбор калаадагы мелдеш 24-31-июлда өтүп, ага 20дан ашык өлкөдөн 1500дөй спортчу катышат.

“Мындай масштабдуу спорттук иш-чараны өлкөбүздүн борборунда өткөрүү Кыргызстандагы спортту өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү болот”, – деп айтылат маалыматта.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин колдоосу менен өткөрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте өтчү Нооруз майрамынын программасы

Бишкек шаарынын мэриясы Ноорузга карата майрамдык программа даярдады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, расмий иш-чара 21-мартта саат 10:00дө «Ала-Тоо» аянтында өтөт. Ал эми саат 12:30дан баштап 17:00гө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын жана Кыргыз искусствосунун маданият жана өнөр чеберлеринин концерттик программасы тартууланат. […]

Сизге жагышы мүмкүн