Бишкекте өтчү Нооруз майрамынын программасы

Автор

Бишкек шаарынын мэриясы Ноорузга карата майрамдык программа даярдады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, расмий иш-чара 21-мартта саат 10:00дө «Ала-Тоо» аянтында өтөт. Ал эми саат 12:30дан баштап 17:00гө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын жана Кыргыз искусствосунун маданият жана өнөр чеберлеринин концерттик программасы тартууланат.

Мындан тышкары, жарманке, прикладдык искусствонун көргөзмөсү, спорттук оюндар жана башка оюн-зоок иш-чаралары уюштурулат. Ошондой эле шаардын бардык райондорунда да майрамдык иш-чаралар өтмөкчү. Маалымат менен кененирээк мэриянын сайтынан тааныша аласыздар.

Бөлүшүү:
Next Post

Нооруз элибизге тынчтык, жерибизге кут алып келсин!

Нооруз элибизге тынчтык, жерибизге кут алып келсин! Кымбаттуу мекендештер! Баарыңыздарды Улуттун Улуу күнү-Нооруз майрамы менен куттуктайм! Нооруз бул – биримдиктин жана берекети төгүлүп турган жаңы жылдын майрамы. Жакшылыктын жарчысы болгон Нооруз элибизге тынчтык, жерибизге кут, ырыскы алып келсин. Өлкөбүз өнүгүп, ар бир жараныбызды ийгиликтер коштосун. Урматтуу Кыргыз элим! Сиздерге узун […]

Сизге жагышы мүмкүн