UWW: Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде сап башына чыкты

Автор

Айпери Медет кызы Айпери Медет кызы Бириккен күрөш уюмунун (United World Wrestling) версиясы боюнча 76 килограммга чейинки салмак категориясында дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында маалымдалат.

 

Анын маалыматына ылайык, кыргызстандык айымдын эсебинде 82 миң 600 упай бар.

 

Белгилей кетсек, жаңыланган рейтингде Медет кызы Сербияда өткөн турнирдин финалында утулуп калган азыркы дүйнөнүн чемпиону япониялык Юка Кагамини ашып өткөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймагында кар, жаан жаайт

Кыргызстандын аймагында 13-октябрдан 15-октябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.   Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын областарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.   Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, […]

Сизге жагышы мүмкүн