Кыргызстандык боксчулар эл аралык турнирде 5 медаль утту

Автор

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык турнирде 5 медаль утту. Анын 2 – алтын, 2 – күмүш жана 1 коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Советтер Союзунун баатыры Виктор Ливенцевдин жаркын элесине арналган турнир Беларустун Минск шаарында 18-23-ноябрь күндөрү өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Беларусь, Россия, Кытай, Тажикистан жана Конгодон келген 107 спортчу катышты.

Эл аралык турнирде жалпы 20 комплект медаль ойнотулган.

Кыргызстандык боксчулар Мунарбек Сейитбек уулу (60 кг) жана Анвар Ходжиев (60 кг) алтын уткан. Аскат Култаев (67 кг) жана Бакыт Токтосун уулу (92 кг) күмүш утса, Баяман Азизбек уулу (57 кг ) коло медаль тагынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Израиль 39 палестиналык туткунду бошотту

Израил менен Хамастын ортосундагы тынчтык  келишимге ылайык, 39 палестиналык туткунду, анын ичинде 24 аялды бошоттулду Буга чейин Хамас барымтадагы 13 адамды бошотуп, Египет менен чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кызыл чырым уюмуна өткөрүп бергени кабарланган. Ал арада ХАМАС согушкерлеринин туткунунда 236 барымтада калууда, алардын көбү кош жарандуулукка ээ. Палестиналык радикалдар менен […]

Сизге жагышы мүмкүн