reklam
reklam
hava 13° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9781 % % 0.13
EURO 31,5712 % % 0.17
GRAM ALTIN 1.924,30 % % 0,01
ÇEYREK A. 3.146,23 % % 0,01
BITCOIN 1.161.113 % 1.696
Соңку кабар
reklam
Google News

Астероидден топурак алган капсула Жерге кайтып келди

Son Güncelleme :

25 сентября 2023 - 12:27

reklam
Астероидден топурак алган капсула Жерге кайтып келди
reklam

Бенну астероидинен топурак алган капсула Жерге кайтып келди.  Бул тууралуу НАСА билдирди.
Каспула АКШнын Юта штатындагы полигонго келип конду. Миллиондогон чакырым жол аяктады.
Бенну фрагменттерин чогултуу миссиясы 2016-жылы башталган.  Анда НАСАнын изилдөөчүлөрү Осирис-Рекс зондун бул асман телосуна жөнөтүшкөн.  Аппарат астероидге жакындаш үчүн эки жыл талап кылынды, карта түзүү дагы эки жылды талап кылды, андан кийин гана окумуштуулар космостук объекттин бетинде «топурактын» үлгүсүн алууга боло турган жерди аныкташты.
Бенну В классындагы астероид жана потенциалдуу кооптуу объект болуп эсептелет.  2135-жылы окумуштуулардын айтымында, ал Жерден 300 миң чакырым  аралыкта болот.

reklam