Бишкекте 15 өлкөнүн жөө күлүктөрү катышкан жарым марафон өттү

Автор

Бишкекте XXII Олимпиада оюндарынын марафондук чуркоо боюнча коло байге ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган жарым марафон өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, марафонго Кыргызстан, Беларусь, Азербайжан, Германия, Италия, Россия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Украина, Өзбекстан, Канада, Греция, Чехия жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдөн 1 миң 500дөн ашык жөө күлүк катышты.

Жарыштын катышуучулары 21,1 чакырым, 10 чакырым (чуркоо жана басуу) жана 3 чакырым аралыкты басып өтүштү. Ошондой эле балдар үчүн 1 чакырымдык жол уюштурулуп, алар ата-энеси менен бирге чуркады.

Белгилей кетсек, жарым марафон Бишкек мэриясы, КР Жеңил атлетика федерациясы, «Эл аралык марафондун дирекциясы» коомдук бирикмеси жана мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулду.

Спорттук мелдештин жыйынтыгы боюнча 21,1 жана 10 чакырым аралыкта жеңүүчүлөр атайын медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда  күйүүчү-майлоочу май жетиштүү

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлар тартыш эмес. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги билдирди. Маалыматка  ылайык, 2023-жылы 21-сентябрда Россияда ички рынокту турукташтыруу үчүн бензин жана дизель майын экспорттоого убактылуу чектөө киргизген. «Бирок, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнө, анын ичине Кыргызстанга тиешеси жок. Дизель майынын баасы жайдан бери көп жолу өзгөрүлдү. Эксперттер дизель майына […]

Сизге жагышы мүмкүн