Украинага өзөктүк курал жеткирүүнү каалагандар чыкты

Автор

НАТО өлкөлөрү өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Украинаны өзөктүк курал менен камсыздоо маселесин карашы мүмкүн. Бул тууралуу Эстониянын тышкы иштер министри Урмас Рейнсалу айтты. Ал НАТО эрежелерине байланыштуу учурда мындай чечимди кабыл алуу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

“НАТОдон башка бир гана кепилдик Украинаны өзөктүк курал менен камсыздоо”,-деди Урмас Рейнсалу. Ошол эле маалда Рейнсалу НАТО өлкөлөрүнүн өзөктүк куралдын жайылышын чектөө боюнча учурдагы милдеттенмесинен улам Украинага өзөктүк куралды жеткирүү мүмкүн эмес экенин кошумчалады. Ал Украинанын НАТОго кириши Батыш өлкөлөрү түздөн-түз катыша турган жаңы согуштук аракеттерге алып келиши мүмкүн экенин баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өтөт

Эртең , 4-мартта, Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, борбордогу  көчөлөр, короо-жайлар тазаланып, көчөттөр отургузулат. Эске салсак, Бишкекте санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыяланды.  Ал 1-марттан 31-майга чейин созулат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн