Бүгүн, 4-июлда “Альфа Телеком” жабык акционердик коому сатыкка чыгарылды. Мамлекеттик мүлк фонду билдиргендей, компаниянын баштапкы баасы 14,6 миллиард сомго (166 миллион доллар) бааланды. Эми аукцион электрондук түрдө өтөт жана ар бир баскычта 200 миллион сомдон көтөрүлүп турат.
