Улан-Батордун көчөлөрүнүн бирине Манас коюлат

Автор

Монголиянын борбор шаары Улан-Батордун көчөлөрүнүн бирине Манас атанын ысымын ыйгарып, эстелигин орнотууну төрага Нурлан Шакиев сунуштады. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушуусунда билдирди.
Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар демилгени карап чыгышаарын айтты. Ошондой эле ал Монголиянын борборунун көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарууну карап жатышканын айтты.
Белгилүү болгондой, “Биз Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп ачуу пландап жатабыз”,-деди Монголиянын парламент төрагасы.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте коомдук транспортто жол кире көтөрүлбөйт

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттогу жол кире тарифтери боюнча кырдаалды түшүндүрдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, кечээ Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элдар Абакиров: “Бир жаңы автобус канча убакытта өзүн актайт?” деген суроо берген. Мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков суроого жооп берип жатып азыркы тарифтер менен […]

Сизге жагышы мүмкүн