Тумандан улам Ош аэропортунда каттамдар кармалууда

Автор

Коюу тумандан улам Ош эл аралык аэропортунда аба каттамдары кармалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Учурда Ош – Жуковский, Ош — Санкт-Петербург каттамдары кармалып жатат. Ошондой эле Стамбул – Ош, Москва – Ош каттамдары Ош аэропортуна коно албай, Бишкектеги «Манас» аэропортуна конду.
Учурда Ош аэропортунун аймагында көрүү узактыгы туурасынан — 100 метр, жогору карай — 46 метрди түзүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Министр: Казакстанга Starlink жабдуулары келди

Казакстанга Starlink жабдууларынын 500 даанасы келди. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Багдат Мусин Telegram каналында жазды. «Мен Алматыга жабдууларды кабыл алуу процессин өзүм текшерүү үчүн келдим. Кийинки жумада Starlink орнотууга толук даяр болгон Түркстан жана Акмола облустарындагы белгилүү мектептерге жеткирүү башталат. Аталган аймактардын акимчиликтери бардык […]

Сизге жагышы мүмкүн