Азия кубогунун жана тайпалык баскычтын чүчүкулак кармоо датасы белгилүү болду

Wp Pw

Футбол боюнча Азия кубогу 2024-жылы 12-январдан 10-февралга чейин Катардын Доха шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирди финалдык бөлүгүнө квалификациядан өткөн Азиянын 24 командасы катышат, анын ичинде Кыргызстан дагы бар. Командаларды бөлүштүрүү боюнча чучкулак кармоо үстүбүздөгү жылдын 11-майында Дохада өтөт.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасы тарыхта экинчи жолу Азия Кубогунун финалдык баскычына чыкты. Команда биринчи жолу 2019-жылдагы Азия кубогуна катышып, 1/8 финалдык баскычка чыккан.

Next Post

Кулакчын менен музыка угуу зыянбы?

Сунуш кылынган чектерде кулакчын менен музыка угуу аны динамиктерде толук үн менен ойнотуудан коопсузураак. Кайсы кулакчындардын зыяны азыраак? Тамчылар жана кулактар ​​эң коопсуз зымсыз кулакчындар. Вакуум («кулак ичиндеги»): кулак каналына киргизилген жана аны тышкы ызы-чуудан толугу менен обочолонтуучу түрү. Булар эң зыяндуу кулакчындар – үн кулак тарсылдагын бузат. Күнүнө канча […]