Криштиану Роналду 2023-жылкы голдору боюнча алдыга чыкты

Автор

Португалиялык футболчу, Сауд Арабиянын “Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду 2023-жылы киргизген голдорунун саны боюнча  40ка жеткирип, сап башына чыкты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч боюнча 38 жаштагы атактуу оюнчу “Манчестер Ситинин” чабуулчусу Эрлинг Холанддан (39) ашты. Үчүнчү орунда быйыл голдордун саны боюнча ПСЖдан Килиан Мбаппе (35) турат.

Роналду профессионалдык карьерасында 12-ирет мындай көрсөткүчкө  жетип, бул жарышта аргентиналык футболчу Лионель Мессиге теңелип жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

 Жапаров ӨКМге МИ-8 тик учагын тапшырды

Президент Садыр Жапаров  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине адам өмүрүн сактап калууга жана куткаруучулардын шашылыш жардам көрсөтүүсүнө багышталган МИ-8 МТВ 1 тик учагын тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. МИ-8МТВ тик учагы — жүргүнчүлөрдү ташуучу, транспорттук жана өрткө каршы варианттарында чыгарылган көп максаттуу тик учактардан. Тик учактын негизги […]

Сизге жагышы мүмкүн