

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу Башкы прокуратуранын сунушу бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 77 депутат башкы көзөмөл органдын депутат Адахан Мадумаров боюнча берген сунушун колдоду. Ал эми 17 депутат каршы добушун берди.