

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович Кыргыз Республикасынын Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директорунун Кыргыз Республикасынан кеңешчиси кызматынан бошотулду.
Мындай чечимге КР Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин сунушу негиз болду.