Кыргызстанда 2 айда 1,3 млрд сомго 670 ипотека берилди

Автор

Мамлекеттик ипотекалык компания 2023-жылдын сентябрь-октябрь айларында Германиянын өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Кыргызстанда турак жайды каржылоо” (KFW) программасы боюнча 1 млрд 350 млн сомдон ашык суммага 670 ипотекалык насыя берди.

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 эсеге көп болуп саналат.

Бардыгы болуп, Кыргызстандын аймактарында KFW программасы аркылуу 3 фазанын алкагында (2020-жылдан 2023-жылга чейин) 2,3 млрд сомго 1 445 насыя берилген.

Эске салсак, 2023-жылдын 21-августунда Мамлекеттик ипотекалык компания KFW Германиянын өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо” (KFW) программасынын үчүнчү фазасын ишке ашырууну баштаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте биринчи мамлекеттик дарыкана ачылды

Бишкектеги №3 поликлиникада биринчи мамлекеттик “Эл аман” дарыканасы ачылды. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жерде өтө маанилүү препараттардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармек бар. Калк аларды жеке менчик аптекаларга караганда 10-15 пайызга арзан сатып алса болот. Ушул жумада Ош шаарында, 10-ноябрга чейин республиканын бардык жеринде дарыканалардын […]

Сизге жагышы мүмкүн