Аалымдар кеңеши никаб жана сакал коюу боюнча үн катты

Автор

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитованын бетти жапкан кийимге (никаб) жана узун сакалга тыюу салуу сунушу камтылган мыйзам долбоору боюнча билдирүү таратты.

Билдирүүгө ылайык, шариятта никаб (паранжа) парз эмес. Хижаб негизги парз. Хижабдын (тасаттур) белгилүү бир формасы жок болгондуктан, аалымдар ар бир адам өзү жашаган мамлекеттин каада-салттарына дал келгендей кийинүүсү туура деп эсептешет.

Ал эми сакал коюу ислам дининде сүннөт амал болуп эсептелет. Аны тыкан, таза кармоо керек.

«Исламда кийинүү маданиятын жана сакал коюу адептерин агартуу, түшүндүрүү жолу менен чечүү максатка ылайык деп эсептейбиз» , — деп айтылат билдирүүдө.

Эске кетсек, коомдук жайларда никаб жана узун сакалга тыюу салуу сунушу камтылган мыйзам долбоору  коомдук талкууга коюлган. Анда айтылгандай, документ коопсуздукту камсыз кылуу жана инсандыкты идентификациялоо зарылдыгы менен жарандардын укуктарын. эркиндиктерин урматтоонун ортосундагы тең салмактуулукту сактоого багытталган.

Демилгечи биринчи жолу мыйзам бузгандар үчүн 2 миң сом айып салууну же 30 саат коомдук жумушка тартууну, экинчи жолку мыйзам бузуу үчүн 4000 сом айып салууну же 40 саат коомдук жумушка тартууну сунуштап жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Астанада Айкөл Манастын айкели орнотулууда

Астанада Айкөл Манастын айкели орнотулууда. Учурда акыркы иштер жасалып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү. Анын айтымында, эстелик Астана шаарындагы борбордук көчөлөрдүн биринде орнотулду.. Айкелдин расмий ачылышы жылуу мезгилге пландаштырылган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн