“Азия Молл” соода борборунда бомба изделүүдө

Автор

Бүгүн, 19-октябрь Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын “102” кызматына “Азия Молл” соода жана оюн-зоок комплексинин имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Милициядан билдиришкендей, дароо окуя болгон жерге Бишкек ШИИББнын ыкчам-тергөө тобу жана райондук башкармалыктын кызматкерлери барып, жарандар эвакуацияланып, аймак курчоого алынган.

Учурда тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдорунун келишин күтүп жатабыз.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров АКШлык миллиардерге жолукту

Дубайдагы инвестициялык форумга катышып жаткан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров америкалык финансист, миллиардер Рэймонд Далио менен жолукту. АКШлык миллиардер Акылбек Жапаровго «Дүйнөлүк тартипти өзгөртүүнүн принциптери» аттуу өзү жазган китебин  белек кылды. Минкаб төрагасы аны Кыргызстанга чакырды. Атактуу миллиардер 150 миллиард долларлык активдерди башкарган «Bridgewater Associates»  компаниясын негиздеген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн