Санариптик теңге ишке киргизилди

Автор

Алматыда Казакстан финансисттеринин XI конгрессинин алкагында санариптик теңгенин ишке киргизүү аземи өттү.
Санариптик теңгедеги картаны колдонуу менен биринчи сатып алууну долбоордун бет ачарында Улуттук төлөм корпорациясынын төрагасы Бинур Жаленов ишке ашырганы өлкөнүн Улуттук банкынын сайтына жарыяланды.
“Санариптик теңге накталай жана накталай эмес акчалардан тышкары улуттук валютанын үчүнчү формасы болуп саналат.  Ал инновациялык финансылык кызматтарды түзүү үчүн блокчейн технологиясынын потенциалын ачат. Мамлекеттик максаттуу жана эффективдүү чыгымдарды камсыз кылат, ошондой эле салттуу финансы менен санариптик активдер дүйнөсү ортосунда “көпүрөнү” түзөт.  Бүгүн ишке ашырылган ишке киргизүү санариптик теңге экосистемасынын өнүгүшүнө старт берди.  Жакынкы келечекте казакстандыктар анын негизиндеги алгачкы продукцияны колдоно алышат”,-деп белгиледи Бинур Жаленов.
Казакстандын Улуттук банкы экинчи деңгээлдеги банктардын жана алардын кардарларынын катышуусунда санариптик теңге платформасын пилоттук түрдө өткөрдү.  Кардарларына тейлөөчү банктын мобилдик тиркемесинде санариптик эсеп ачуу аркылуу санариптик теңгенин артыкчылыктарын пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн “Кыргызстан – Малайзия” беттешин кайдан көрөсүз? 

Бүгүн, 16-октябрда Дүйнөлүк Чемпионаттын тандап алуу оюндары алкагындагы “Малайзия – Кыргызстан” беттеши Куала-Лумпур шаарындагы (Малайзия) 84 миң көрүүчүгө ылайыкташкан “Букит Жалил” стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө «Кыргыз спорт ТВ» телеканалынан түз эфирде көрсөтүлөт. Ошондой эле «Дордой плаза» соода борборунда улуттук курама команданын күйөрмандары үчүн фан-зона уюштурулат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн