U-20: Дүйнө чемпионатында Жантөрө Мырзалиев күмүш медаль тагынды

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Жантөрө Мырзалиев Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 63 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 1/8 финалдык беттешинде беларус балбанын 10:1 эсебинде жеңди. 1/4 финалдык беттешинде АКШнын балбанын 8:5 эсебинде жеңди.

Жарым финалдык беттеште казакстандык балбанды 14:7 эсебинде жеңип, ал эми алтын медаль үчүн беттеште Ирандан келген балбанга жеңилип калды.

Бөлүшүү:
Next Post

Милиция 30-августтан тарта күчөтүлгөн режимде кызмат өтөй баштайт

30-августтан тарта ички иштер органдарынын бөлүмдөрү жана Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-августта министр Улан Ниязбековдун жетекчилиги астында ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар, жалпы коопсуздук иштери боюнча, анын ичинде […]

Сизге жагышы мүмкүн