Бишкекте Республикалык күзгү кросс өтөт

Автор

Эртең, 21-октябрда Бишкекте Республикалык күзгү жеңил атлетикалык кросс өтөт. Бул тууралуу  Дене тарбия жана спорт департаменти  билдирди.

Маалыматка ылайык, чуркоо Карагач токоюнда өтүп, ага жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары, жогорку окуу жайлардын жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин студенттери катышат.

Убактысы:

 

10:00 – окуучу кыздар;

 

10:30 – окуучу балдар;

 

11:00 — орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окуучулары – кыздар;

 

11.30 — орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окуучулары – уландар;

 

12:00 — жогорку окуу жайларынын студенттери – кыздар;

 

12.30 — жогорку окуу жайларынын студенттери – жигиттер.

 

Иш-чара “Жаштык” спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жер титиреди

Чүй облусунун аймагында жер титирөө болду. КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында, Кант шаарынан 15 чакырым түндүк-чыгышты, Бишкек шаарынан 23 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан. Жердин силкинүүсү Кант жана Бишкек шаарларында  4 баллга чейин сезилди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн