Time журналы Мессини жылдын спортчусу атады

Автор

Америкалык “Интер Майами” футболдук клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси Time журналынын версиясы боюнча жылдын спортчусу аталды. Бул тууралуу басылманын сайтында айтылат.

2023-жылы жайында Месси америкалык клубга өтүп, күзүндө жылдын эң мыкты оюнчусуна ыйгарылуучу “Алтын топ” сыйлыгын сегизинчи ирет татыктуу болгон.

Эске салсак, Месси 37 жашта, форвард мурда франциялык ПСЖда ойногон (2021-2023), 2003-жылдан 2021-жылга чейин испаниялык Барселонада ойноп, гол жана ассисттердин саны боюнча клуб рекордун койгон. Аргентина курама командасы менен бирге чабуулчу 2022-жылы Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңген. Август айында Месси Лига Кубогун жеңип алды, ага футбол боюнча Жогорку лиганын жана Мексика чемпионатынын командалары кирген жана эң көп титул боюнча рекордсмен (44) болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Баланын кулагынын ооруп жатканын кантип билсе болот?

1-2 жаштагы балдар тили чыга элек болгон күндө да кулагынын ооруганын түшүндүрүп бере алышат. Чыдатпай ооругандыктан чыргоолонуп, алы кетип, колу менен кулагын көрсөтүп ыйлайт. Эмчектеги бала себепсиз чыңырып ыйлап, тынчы кетет. Эмизип жаткан учурда башын тартып, ачка болсо деле эме албай кыйналат. Кулагынын тешигин тосуп турган кичинекей кемирчекти акырын басып […]

Сизге жагышы мүмкүн